ОТТУУ ЫЙЫК НАСААТ (#15475)

Эзелтеден Түбөлүктүү, Эң Улуу Кудайдын ысымы менен. 
    Акыйкатта, аруу таза жүрөктөрдү айрылуунун оту жалмап барат. Дидарыңдын жарык нуру кайда, 
О, ааламдардын Сүйүктүүсү? 
Сага жакындар жалгыздыктын караңгы туңгуюгунда калды. Сени менен кайра кошулуунун агарган таңы кайда,
О, ааламдардын Тилеги?
Сенин тандалма жандарыңдын денелери алыскы чөлдө калтырап жатат. Демиңдин мухити кайда, 
О, ааламдардын Арбоочусу?
Жалбара суранган алакандар Өзүңдүн жоомарттыгың менен ырайымыңдын асманына карай жайылган. Сенин белектериңдин жамгыры кайда, 
О, ааламдардын Жооп Берүүчүсү?
Ыймансыздар бардык жерде зулумдукту орнотушту. Жазмыш Калемиңдин багындыруучу күчү кайда,
О, ааламдарды Жоошутуучу?
Ар тараптан иттин арылдап үргөнү угулат. Сенин кудуретиңдин чатырынан чыккан арстан кайда, 
О, бүт ааламдардын Жазалоочусу? 
Бүткүл адамзат кайдыгерликтин туткунунда калды. Сенин сүйүүңдүн жылуулугу кайда, 
О, ааламдардын Жалыны?
Кайгы-капа баштан ашты. Сенин колдооңдун белгилери кайда,
О, ааламдардын Куткаруучусу?
Калктын көбүн караңгылык жалмады. Сенин көркөмүңдүн жарыгы кайда, 
О, ааламдардын Жарык Нуру?
Зулумдук баш көтөрдү. Сенин кек алчу шамшарың кайда, 
О, ааламдарды Кыйратуучу?
Кордук туңгуюктун чегине жетти. Сенин даңкыңдын көрүнүштөрү кайда,
 О, ааламдардын Даңкы?
Сенин Боорукер деген ысымыңды Жарыя Кылуучу азапка чулганды. Аяныңдын Таңынын Салтанаты кайда, О, ааламдардын Ырахаты?
Жер бетиндеги адамдардын баарын муң басты. Сенин шаттыгыңдын туулары кайда, 
О, ааламдардын Кубанычы?
Сенин Таңыңдын жышаандарын арамза чагымдар тосуп турганын көрүп турасың, бардыгынан күчтүү Колдоруң кайда, 
О, ааламдардын Кудурети?
Адамдарды азаптуу чаңкоо алсыратууда. Сенин Жоомарттыгыңдын суулары кайда, 
О, ааламдардын Ырайымы? 
Адамзат баласы ач көздүктүн кулуна айланды.  Байланбастык чөйчөгүң кайда? 
О, ааламдардын Теңири? 
Куугунтукталган бул Жандын сүргүндөгү жалгыздыгын көрүп турасың. Сенин амириңдин асман кошуундары кайда?
О, ааламдардын Өкүмдары?
Жат жерде бозгун болдум. Адалдыгыңдын далилдери кайда, 
О, ааламдардын Таянычы?
Өлүм алдындагы азап бардык адамдарды түйшөлттү. Түбөлүктүү жашоо мухитиңдин толкундары кайда, 
О, ааламдардын Жашоосу?

Шайтандын шыбыры бар жандууну жалмап жатат. Өзүңдүн отуңдан жалындаган учкун жылдызың кайда, 
 О, ааламдардын Жарыгы?
Дээрлик бардык адамзат тукумун кумар мастыгы ойрон кылды. Аруулуктун таңкы шоокуму кайда, 
О, ааламдардын Эңсөөсү?
Көрүп турасың: куугунтукталган бул Бечараң сириялыктардын арасында зулумдуктун торуна чырмалды.  Сенин таңыңдын жаркыраган шоолалары кайда, 
О, ааламдардын  Жарыгы? 
Көрүп турасың: Мага мындан ары сүйлөөгө тыюу салынды, анан Сенин обонуң кайдан жаңырмак,
О, ааламдардын Булбулу?
Дээрлик бүт адамзат куру кыялдарга батты. Сенин ишенимиңдин көрүнүшү кайда, 
О, ааламдардын Ишеними?
Баха кайгы-кырсык айлампасына чөгүп жатат.  Сенин куткаруу Кемең кайда, 
О, ааламдардын Куткаруучусу?
Көрүп турасың: Сенин сөзүңдүн таңы жаралыш караңгылыгына чулганды. Сенин ырайымыңдын күнү кайда? 
О, ааламдарга жарык Берүүчү?
Акыйкат менен аруулуктун, ишеним менен ар-намыстын чырактары өчүрүлдү. Сенин жазалоочу каарыңдын жышаандары кайда, 
О, ааламдарды Кыймылдатуучу?
Сенин тарабыңда согуша турган бирөөнү көрүп турасыңбы же Сенин сүйүүңдүн жолунда Анын башына эмне түшкөнү туурасында ойлойсуңбу? Калемимдин сыясы ушул жерден какшыды,
О, ааламдардын Ашыгы.
Тагдырдын долу бороону Кудайлык Лотос Дарагынын бутактарын сындырды. Сенин жардамыңдын туулары кайда? 
Бүт ааламдардын Жоокери?
Ушул Ажар жалаанын чаңы алдында калды. Сенин мээримиңдин желаргысы кайда,
О, ааламдардын Ырайымы?
Адалдыктын ак жабуусу жалганчылар тарабынан булганды. Сенин ыйыктыгыңдын кийими кайда, 
О, ааламдарды Көрктөндүрүүчү?
Адамдар жасаган нерседен ырайым деңизи нес болду. Сенин жоомарттыгыңдын толкундары кайда, 
О, ааламдардын Эңсөөсү?
Кудайдын алдына кирүү эшиги душмандарыңдын зулумдугу менен жабылды. Сенин белектериңдин ачкычы кайда, 
О, ааламдардын Ачкычы?
Козголоңчу шамалдын уусунан жалбырактар саргайды. Сенин ырыскыңдын булуттары кайда, 
О, ааламдардын Берүүчүсү?
Бүт аалам күнөөгө белчесинен батты. Сенин кечиримиңдин желаргысы кайда?
 О, ааламдардын Кечирүүчүсү?
Ушул Улан ээн өлкөдө жападан жалгыз. Сенин көктөгү берекеңдин жамгыры кайда,
О, ааламдардын Сыйкору?

Жогорку Калем! Сенин таттуу чакырыгыңды асман мекен-жайынан уктук. Улуулуктун Тили эмне дегенине эми кулак сал, бүт ааламдын Азап Тартуучусу!
Эгерде ушул суук болбосо, сенин сөздөрүңдүн ысык жалыны кантип жеңишке жетмек, О, ааламдардын Чечмелөөчүсү?
Азап-кайгы болбосо, Сенин сабырыңдын күнү кандайча жаркырамак, 
О, ааламдардын Жарыгы?
Ыймансыздар үчүн кыжырданба: Сен кайраттуулук менен момундукту көрсөтүш үчүн жаралгансың,
 Ааламдардын сабыры.            
Козголоңчу бузукулардын үстүнөн Осуят көк мейкиндигиндеги Сенин таңың менен Кудайга болгон жалындуу умтулууң кандай гана керемет,
О, ааламдардын Сүйүүсү.
Сенин аркаң менен эркиндиктин туусу бийик чокуларда желбиреп, жоомартыктын деңизи толкуп чыкты,
 ааламдардын Суктануусу. 
Сенин жалгыздыгың аркылуу Биримдиктин күнү жаркырап тийди жана Сенин сүргүнүң аркылуу жер бети Ынтымак менен кооздолду. Көтөрүмдүү бол, 
О, Сен, ааламдардын Сүргүнчүсү.
Биз кордукту даңк кийими кылдык жана азап-кайгыны - Сенин жан ордоңдун жасалгасына айланттык,
 О, ааламдардын Сыймыгы.
Көрүп турасың: Жүрөктөр жек көрүүгө толду. Сенден башка ким кечире алат,
 О, ааламдардын күнөөлөрүн Жашыруучу?
Кылыч жаркылдаса, алдыга бас! Жебенин огу ышкырса, душманды чегинт! 
О, ааламдардын Курмандыгы! 
Сенин даттанганың жөндүүбү же Менинби? Сенин жолдоочуларыңдын аз экенине мына Мен жашымды төгөм,
О, ааламдарды Өксүтүүчү.
Акыйкатта, Сенин чакырыгыңа кулак салдым, Сүйүктүү, Даңктуу: Эми Баханын ажары сыноолордун ысыгынан жана Сенин алоолонгон сөздөрүңдүн табы менен жалындап алоолонот жана Ал курмандык чалуу жеринде толук ишеним менен көтөрүлүп, Сага жакканды гана издейт,
 О, ааламдардын Куруучусу.
               
О, Али-Акбар, эмесе бул Ыйык Насаат үчүн Аллаңа ыраазычылык билдир, Сен бул Насааттан Менин момундугумдун жыпар жытын искеп жана бүт ааламдар баш ийген Кудай жолунда башыбыздан өткөндүн баарын аңдап-түшүнөөрсүң. Эгер бардык пенделер муну окуп жана акыл калчап көрө турган болсо, алардын тамырында ааламдарды камтый алчу жалын тутанат.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

